XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХII–СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-август айы №53
Абдыкадыров Качкын Барыктабасовичке “Балыкчы шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө
“Балыкчы шаарындагы аталыштарды өзгөртүү” жана “Ардактуу жаран” наамын ыйгаруу боюнча коомдук комиссиясынын 2025-жылдын 11-август айындагы № 5 протоколунун негизиндеги сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси, ырчы Абдыкадыров Качкын Барыктабасовичке “Балыкчы шаарынын ардактуу жараны” ардактуу наамы ыйгарылсын.
- “Балыкчы шаарынын ардактуу жараны” наамын күбөлөндүрүүчү күбөлүктү жана эстелик төш белгисин ыйгаруу, ардак китепчесине каттоо жагы Балыкчы шаарынын мэриясына жана шаардык Кеңештин аппаратына тапшырылсын.
- Балыкчы шаардык кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыны, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин, массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңешке тапшырылсын.
Кенештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев