Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХII–СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-август айы №54
Балыкчы шаарындагы Парковая көчөсүнө Сыдыкакун Калдыбаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Балыкчы шаарындагы Парковая көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылууларынын негизинде, Балыкчы шаарынын “чегиндеги аталыштарды өзгөртүү жөнүндөгү” жобосуна ылайык “Балыкчы шаарынын чегиндеги аталыштарды өзгөртүү “ жана “ардактуу жаран” наамын ыйгаруу боюнча коомдук комиссиясынын сунушуна ылайык, карап талкуулап, Балыкчы шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарындагы “Парковая” көчөсүн – Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу “Кызыл жылдыз” орденинин ээси Калдыбаев Сыдыкакун Калдыбаевдин ысымы ыйгарылып, Сыдыкакун - ата көчөсү деп аталсын.
2. Көчөнүн аталыштарына кетүүчү чыгымдарды үй бүлөөсүнүн эсебинен аткаруу иш чаралары Балыкчы шаардык “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчилигине тапшырылсын жана көзөмөлгө алынсын.
1. Балыкчы шаардык кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыны, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин, массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык мэрияга тапшырылсын.
Кенештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев