Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХII–СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-август айы №55
Балыкчы шаарындагы Озерная көчөсүнө Уралы Байсариевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата, Балыкчы шаарындагы Озерная көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылууларынын негизинде, Балыкчы шаарынын “чегиндеги аталыштарды өзгөртүү жөнүндөгү” жобосуна ылайык “Балыкчы шаарынын чегиндеги аталыштарды өзгөртүү “ жана “ардактуу жаран” наамын ыйгаруу боюнча коомдук комиссиясынын сунушуна ылайык, карап талкуулап, Балыкчы шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарындагы “Озерная” көчөсүнө – Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, коомдук ишмер Уралы Байсариевдин ысымы ыйгарылсын
2. Көчөнүн аталыштарына кетүүчү чыгымдарды үй бүлөөсүнүн эсебинен аткаруу иш чаралары, Балыкчы шаардык “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчилигине тапшырылсын жана көзөмөлгө алынсын.
3. Балыкчы шаардык кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыны, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин, массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын.
1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык мэрияга тапшырылсын.
Кенештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев