Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ХIII–СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27- август айы №58
“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына 400,0га жер тилкесин которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндөгү №62 Жарлыгын аткаруу максатында, Балыкчы шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 22-августундагы № 01-13/6164 кайрылуусун жана курулуш, архитектура, муниципалдык менчик, коммуналдык чарба, өнөр жай жана транспорт, ишкерликти өнүктүрүү боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кенешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Талаа” участкасына күн нурунан электр энергиясын алуу үчүн электр станциясын орнотуу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүндөгү 400,0га жер тилкесин “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга элге ыңгайлуу шарт түзүп берүү маселесин чечип берүү жагы менен макулдук берилсин.
2. Балыкчы шаарынын мэриясына, ал аймактагы элге ыңгайлуу шарт түзүп берүү, малды жайыттарга, алыскы жана жакынкы кыштоолорго, жайлоолорго жеткирүүгө мал айдоо жолдорун, авто унаа жолдорун карап берүү маселелерин чечүү жагы тапшырылсын.
3. Балыкчы шаардык кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыны, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин, массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай транспорт, ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэри Б.Жантаевге тапшырылсын
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев