Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ХIII–СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27- август айы №59
“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына 612,66чарчы метр жер тилкесин которууга макулдук берүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 19-августундагы № 01-13/6075 кайрылуусун жана курулуш, архитектура, муниципалдык менчик, коммуналдык чарба, өнөр жай жана транспорт, ишкерликти өнүктүрүү боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Токой суу сактагычында курулуп жаткан Чакан ГЭСке электр чубалгыларын тартууга мамычаларды орнотуу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүндөгү 612,66 чарчы метр жер тилкесин “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
3. Балыкчы шаардык кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыны, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин, массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай транспорт, ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэри Б.Жантаевге тапшырылсын
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев