Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ХIII–СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27- август айы №60
“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына 0,40га жер тилкесин которууга макулдук берүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 20-августундагы № 01-13/6087 кайрылуусун жана курулуш, архитектура, муниципалдык менчик, коммуналдык чарба, өнөр жай жана транспорт, ишкерликти өнүктүрүү боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фитосанитардык лаборатория куруу максатында “Кара-Талаа участкасында жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүндөгү 0,40га жер тилкесин “Ɵнөр жайынын транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жерлери жана башка жерлер багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
3. Балыкчы шаардык кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыны, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин, массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай транспорт, ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэри Б.Жантаевге тапшырылсын
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев