БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ХIII–СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27- август айы №64
Балыкчы шаарынын Ж. Абдрахманов №11 дарегинде 1105,1 чарчы метр жер аянтын Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө.
Балыкчы шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 26-августундагы № 01-13/6281 кайрылуусун жана курулуш, архитектура, муниципалдык менчик, коммуналдык чарба, өнөр жай жана транспорт, ишкерликти өнүктүрүү боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өз ыктыяры менен өткөрүп берип жаткандыгына байланыштуу, Балыкчы шаарынын Ж. Абдрахманов №11 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду: 2-07-02-008-0003 А.Т.Шабданалиевага таандык болгон 1105,1 чарчы метр жер аянтын Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
- Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына:
аталган обьектини муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
- Балыкчы шаардык кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыны, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин, массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын.
- Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай транспорт, ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэри Б.Жантаевге тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев