Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ХIII–СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27- август айы №65
Балыкчы коомдук саясий гезитин жоюуга макулдук берүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 26-августундагы № 01-13/6320 кайрылуусун жана курулуш, архитектура, муниципалдык менчик, коммуналдык чарба, өнөр жай жана транспорт, ишкерликти өнүктүрүү боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарынын мэриясынын кайрылуусунун негизинде Балыкчы коомдук саясий гезитин жоюуга макулдук берилсин.
2. Балыкчы шаардык кеңешинин 2012-жылдын 15-майындагы “Балыкчы” гезитинин Уставы жөнүндөгү №3 токтом жокко чыгарылсын.
3. Балыкчы шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруу тапшырылсын
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай транспорт, ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэри Б.Жантаевге тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев