Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ХIII–СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27- август айы №66
Балыкчы шаарынын мэриясынын башкаруу схемасын
бекитип берүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 25-августундагы № 01-13/6264 кайрылуусун жана курулуш, архитектура, муниципалдык менчик, коммуналдык чарба, өнөр жай жана транспорт, ишкерликти өнүктүрүү боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле башка ченемдик-укуктук актыларга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милдеттери менен функцияларын эске алуу менен иштелип чыккан Балыкчы шаарынын мэриясынын башкаруу схемасы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Балыкчы шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруу тапшырылсын
3. Балыкчы шаардык кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыны, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин, массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай транспорт, ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэри Б.Жантаевге тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев