Редакцияот 04.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин (7-чакырылыштагы) кезексиз 23-сессиясынын жыйыны

 

от 04 апрелиндеги 2023 года № 23/1

 

Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы кирешесинин жылдын акырында калган калдыгын 2023-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн беренелерине бөлүнүшү жөнүндө

Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин (7-чакырылышынын) кезексиз 23-сессиясынын шайланган депутаттарынын жыйналышынын биринчи маселесине карата Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Карыяевтин 2022-жылдагы кирешесинин жылдын акырында калган калдыгын 2023-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн беренелерине бөлүнүшү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы кирешесинин жылдын акырында калган калдыгынын киреше бөлүгү 1 529007 (бир миллион беш жүз жыйырма тогуз миң жети) сомго, чыгаша бөлүгү 1 529 007 ( бир миллион беш жүз жыйырма тогуз миң жети) сомго бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарына жана туруктуу комиссиясынын жергиликтүү бюджетинин иштелишинин жана маданий иштерин алып барууну көзөмөлдөо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.Жусубалиевага тапшырылысын.

 

 

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин

төрайымы

 

Г.Т.Эрматова