Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-июну № 362
2025-жылдын 21-апрелинде Манама шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2025-жылдын 21-апрелинде Манама шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө тиркелген меморандум (мындан ары - Меморандум) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жогоруда аталган Меморандумду ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө бахрейн тарапка кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Манама шаары, 2025-жылдын 21-апрели
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Бахрейн Королдугунун Өкмөтү (мындан ары өз алдынча "Тарап" жана биргеликте "Тараптар" деп аталуучу),
Кыргыз Республикасы менен Бахрейн Королдугунун ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо максатында,
Өз ара пайдалуу негизде экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү жана өнүктүрүүнү каалап,
Жагымдуу шарттарды түзүү жана мындан аркы кызматташуу үчүн тийиштүү негиз түзүү максатында эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү зарылчылыгына ишенип,
Төмөнкүдөй өз ара түшүнүшүүгө жетишишти:
1-берене.
1. Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык жана өздөрүнүн эл аралык милдеттенмелерин жана макулдашууларын эске алуу менен өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого көмөк көрсөтүшөт.
2. Ушул Меморандумга ылайык эки тараптуу кызматташуу төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Тараптардын ортосундагы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү илгерилетүү; жана
2) Тышкы соода жүгүртүүнү көбөйтүү максатында, атап айтканда инвестициялар жана инновациялар чөйрөсүндө жана ишкердик иш-аракеттерди ишке ашыруу аркылуу эки тараптуу экономикалык мамилелерди активдештирүү.
2-берене.
Ушул Меморандумдун 1-беренесинде көрсөтүлгөн кызматташтык төмөнкү чөйрөлөрдү камтыйт:
1. Төмөнкү багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү жана илгерилетүү:
- соода;
- жашыл экономика;
- энергетика, өнөр жай жана тоо кендерин иштетүү;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, маалыматтык технологиялар;
- транспорт;
- айлана-чөйрөнү коргоо;
- билим берүү, илим жана технология;
- спорт;
- курулуш жана турак жай куруу;
- айыл чарба, суу ресурстарын колдонуу жана кайра иштетүү өнөр жайы;
-туризм;
- банк иши;
- интеллектуалдык менчик;
- техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, метрология;
- саламаттыкты сактоо;
- саламаттыкты сактоо индустриясы жана курорттук туризм;
- стартаптарды өнүктүрүү;
- өз ара кызыкчылыкты туудурган башка чөйрөлөр.
2. Инвестициялык долбоорлорду каржылоо жана камсыздандыруу менен байланышкан механизмдерди жөнөкөйлөтүү.
3. Тараптардын коммерциялык уюмдарынын, ишканаларынын, палаталарынын жана бирикмелеринин ортосундагы байланыштарды илгерилетүү.
4. Инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүчү консультациялык, укуктук, банктык жана техникалык кызматтарды өнүктүрүү.
5. Соода жарманкелерин, көргөзмөлөрдү, семинарларды жана башка ушул сыяктуу иш-чараларды уюштуруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
6. Биргелешкен ишканаларды түзүүгө көмөк көрсөтүү жана биргелешкен экономикалык иштин башка формаларын стимулдаштыруу.
7. Экономикалык өнүгүү жаатында Тараптардын ортосунда тажрыйба алмашуу жана экономика жана соода тармагында делегациялар жана эксперттер менен алмашуу.
8. Экономикалык ишмердикти, инвестицияларды, соода жана техникалык жөнгө салууну (анын ичинде стандартташтыруу, аккредитациялоо, шайкештикти баалоо (тастыктоо), өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу), лицензияларды, концессияларды жана уруксаттарды берүү, ошондой эле интеллектуалдык менчик маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдар боюнча маалымат алмашуу, жана
9. Тараптар аныктаган жана макулдашкан кызматташтыктын башка формалары.
3-берене.
1. Ушул Меморандумдун жоболорун ишке ашыруу максатында Тараптар төмөндөгү максаттарда физикалык же виртуалдык жолугушууларды өткөрүшөт, кичи комитеттерди жана жумушчу топторду түзүшөт:
1) Ушул Меморандумду иш жүзүндө ишке ашырууну улантуу; жана
2) Ушул Меморандумда каралган же Тараптар кийинки этапта башка жол менен аныкталуучу чөйрөлөрдө кызматташууга көмөктөшүү.
2. Тараптардын ортосундагы ар кандай физикалык жолугушуулар Тараптардын биринин сунушу жана экинчи Тараптын макулдугу боюнча бир Тараптын аймагында кезектешип өткөрүлөт.
4-берене.
1. Ушул Меморандумдун жоболору Кыргыз Республикасы же Бахрейн Королдугу катышуучу болуп саналган кайсы болбосун эл аралык келишимдерден же алардын эл аралык уюмдарга мүчөлүгүнөн келип чыккан Тараптардын укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
2. Ушул Меморандум Тараптардын ортосундагы тыгыз эки тараптуу кызматташууга бекем ниеттердин билдирүүсүн билдирет. Ушул Меморандумдун кайсы болбосун жобосу ушул пунктка карама-каршы келген даражада ушул пункттун жобосу басымдуулук кылат.
3. Ушул Меморандумдагы эч нерсе Тараптардын ортосунда кандайдыр бир келишимдик өнөктөштүктү же биргелешкен ишкананы түзүүгө, Тараптардын бирин экинчи Тараптын агенти кылууга, же Тараптардын бирине экинчи Тараптын атынан же анын кызыкчылыгы үчүн кандайдыр бир милдеттенмелерди алууга же ыйгарым укуктарды берүүгө арналган эмес же карабайт.
5-берене.
1. Ар бир Тарап жолугушууларда, кичи комитеттерде жана жумушчу топтордо өзүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунан келип чыккан чыгымдарды жана чыгашаларды төлөйт.
2. Кабыл алуучу Тарап жолугушууну, кичи комитеттерди жана жумушчу топторду уюштурууга кеткен чыгымдарды көтөрөт.
6-берене.
Ушул Меморандумга Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча каалаган убакта өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Мындай өзгөртүүлөр Тараптар макулдашкан күндөн тартып күчүнө кирет.
7-берене.
Ушул Меморандумду чечмелөөдөн же ишке ашыруудан келип чыккан бардык пикир келишпестиктер дипломатиялык каналдар аркылуу Тараптардын консультациялары аркылуу чечилет.
8-берене.
1. Ушул Меморандум Бахрейн Тарабы Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Кыргыз Тараптын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Меморандум белгисиз мөөнөткө күчүндө болот. Ар бир Тарап дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка алты (6) ай мурун жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү менен ушул Меморандумдун аракетин токтото алат.
3. Эгерде Тараптар башкача макулдашпаса ушул Меморандумдун аракетин токтотуу ушул Меморандумдун алкагында жүзөгө ашырылып жаткан кандайдыр бир долбоордун же иштин аныктыгына же узактыгына, мындай долбоор же иш аяктаганга чейин таасир тийгизбейт.
Манама шаарында 2025-жылдын 21-апрелинде эки түп нускада, ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде түзүлгөн, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болсо англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.