Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомуна)
Бажы органдары тарабынан товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажы операцияларын аткаруунун жана бажы контролун жүргүзүүнүн бирдиктүү СТАНДАРТТАРЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бажы органдары тарабынан товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажы операцияларын аткаруунун жана бажы контролун жүргүзүүнүн бирдиктүү стандарттары (мындан ары - Стандарттар) Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы (мындан ары - бажы чек арасы) аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүү процесси менен байланышкан бажы органдарынын бир түргө келтирилген аракеттерин (чараларын), ошондой эле стандарттарга жетишүүнү жана аткарууну мүнөздөөчү конкреттүү көрсөткүчтөрдү аныктайт.
Документтерди кабыл алуу жана Стандарттардын натыйжаларын берүү бажы органдары тарабынан бажы органынын маалымат системасы аркылуу ишке ашырылат.
2. Стандарттар деп Евразия экономикалык бирлигинин бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү укугун түзгөн эл аралык келишимдердин жана актылардын талаптарын жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоонун шартында тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн ишкердик ишти жүргүзүүнүн бирдей, жагымдуу жана болжолдуу шарттарын камсыз кылган бажылык жөнгө салуунун каражаттарын жана методдорун (ыкмаларын) так жана ырааттуу колдонуу түшүнүлөт.
3. Бажы операцияларын аткарууда колдонулуучу стандарттар:
1) "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына келгенге чейин товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажы операцияларын аткаруу";
2) "Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасына автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу келгенде товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажы операцияларын аткаруу";
3) "Ички керектөө үчүн товарларды чыгаруунун бажы жол-жобосу боюнча жайгаштыруу менен байланышкан бажы операцияларын аткаруу";
4) "Товарларды экспорттун бажы жол-жобосу боюнча жайгаштырууга байланышкан бажы операцияларын аткаруу";
5) "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан товарларды жана транспорт каражаттарын автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу чыгарууга байланышкан бажы операцияларын аткаруу".
4. Стандарттар товарлар жана транспорт каражаттары бажы чек арасына келген, бажы чек арасынан чыккан жерлерде, товарларды жана транспорт каражаттарын ички керектөө жана экспорттоо үчүн чыгаруунун бажы жол-жоболору боюнча жайгаштырган учурда бажы операциялары аткарылган жерлерде электрондук формада колдонулат.
5. Стандарттарга жетишүү жана аткаруу максатында бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан сандык мүнөздөгү көрсөткүчтөр белгиленет, алар бажы органынын автоматташтырылган системасын колдонуу менен бажы операцияларын аткаруунун натыйжалуулугуна мезгилдүү талдоо жүргүзүү жолу менен бажы органдарынын ишинин жыйынтыгына жана натыйжалуулугуна жетүү даражасын баалоо үчүн пайдаланылат.
2-глава. "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына келгенге чейин товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажы операцияларын аткаруу" стандарты
6. "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына келгенге чейин товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажы операцияларын аткаруу" стандарты (мындан ары - 1-стандарт) Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 11, 88-беренелерине, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 52 "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүгө болжолдонгон товарлар жөнүндө алдын ала маалыматты каттоонун тартиби жөнүндө", 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 56 "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына автомобиль транспорту менен ташып кирүүгө болжолдонгон товарлар жөнүндө алдын ала маалыматты берүү тартибин бекитүү жөнүндө", 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 57 "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына темир жол транспорту менен ташып кирүүгө болжолдонгон товарлар жөнүндө алдын ала маалыматты берүү тартибин бекитүү жөнүндө", 2018-жылдын 24-апрелиндеги № 62 "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына аба транспорту менен ташып кирүүгө болжолдонгон товарлар жөнүндө алдын ала маалыматты берүү тартибин бекитүү жөнүндө", 2018-жылдын 25-декабрындагы № 214 "Электрондук документ түрүндө берилген алдын ала маалыматты колдонуу жөнүндө" чечимдерине ылайык иштелип чыккан.
7. 1-стандартты аткаруунун мөөнөттөрү жана жыйынтыктары:
1) каттоо номерин ыйгаруу менен бажы органына берилген алдын ала маалыматты каттоого алуу - отуз мүнөттүн ичинде;
2) алдын ала маалыматты каттоодон баш тартуу - он беш мүнөттүн ичинде.
8. 1-стандартты аткаруу жана жыйынтыктарды берүү үчүн зарыл болгон негизги чаралардын тизмеги:
1) берилген алдын ала маалыматка төмөнкү максаттар үчүн автоматтык режимде талдоо (баалоо) жүргүзүү:
- ушул параграфтын 5-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүү;
- Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына (мындан ары - ЕАЭБдин бажы аймагы) ташып кирүүдө тыюу салуулар жана чектөөлөр колдонулуучу товарларды аныктоо;
- мамлекеттик контролдун башка түрлөрүн жүзөгө ашыруу талап кылынган товарларды белгилөө, андан кийин алдын ала маалыматты мамлекеттик контролдоочу органдардын маалымат системаларына жиберүү;
2) алдын ала маалыматта камтылган маалыматтардын дал келбестиги табылган учурда, табылган каталарды жоюу жана алдын ала маалыматты автоматтык режимде кайталап жиберүү үчүн алардын тизмесин камтыган электрондук билдирүүнү жөнөтүү;
3) маалыматтык системаларды пайдалануу менен, анын ичинде автоматтык режимде тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу менен товарлар бажы чек арасына келгенге чейин бажы контролунун объекттерин, формаларын жана бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу чараларды тандоо жөнүндө алдын ала чечимдерди кабыл алуу;
4) бажы органынын маалыматтык системасы аркылуу автоматтык режимде каттоо номерин ыйгаруу жолу менен алдын ала маалыматты каттоо (алдын ала маалыматты каттоодон баш тартуу үчүн негиздер жок болгон учурда);
5) алдын ала маалымат берген адамга төмөнкүлөрдү камтыган электрондук билдирүү жөнөтүү:
- алдын ала маалыматтын каттоо номери, автоматтык режимде аны ыйгаруу датасы жана убактысы;
- Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 25-декабрындагы № 214 чечими менен бекитилген Электрондук документ түрүндө берилген алдын ала маалыматты колдонуу тартибинин 8-пунктунда каралган алдын ала маалыматты кароонун натыйжалары жөнүндө маалыматтар алдын ала маалымат катталган учурдан тартып бир сааттын ичинде.
9. 1-стандартты аткаруудан баш тартуу төмөнкү негиздер боюнча бажы органынын маалымат системасы тарабынан автоматтык режимде ишке ашырылат:
1) берилген маалыматтын Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 28-ноябрындагы № 192 "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына аба транспорту менен ташып кирүүгө болжолдонгон товарлар жөнүндө алдын ала маалыматтын түзүмү жана форматы жөнүндө", 2018-жылдын 28-ноябрындагы № 193 "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына темир жол транспорту менен ташып кирүүгө болжолдонгон товарлар жөнүндө алдын ала маалыматтын түзүмү жана форматы жөнүндө", 2018-жылдын 28-ноябрындагы № 194 "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына автомобиль транспорту менен ташып кирүүгө болжолдонгон товарлар жөнүндө алдын ала маалыматтын түзүмү жана форматы жөнүндө" чечимдери менен аныкталган курамга, түзүмгө жана форматка шайкеш келбеши;
2) алдын ала маалыматты мамлекеттик же расмий тил болуп саналбаган тилде берүү.