Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-сентябры № 69/13-6
“Токмок шаарынын аймагында тынчтыкты сактоо жана жарандардын тынчтыгын камсыз кылуу тууралуу” Жобону бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 29-августундагы №01‑07/157 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар) боюнча туруктуу комиссиясынын 2025‑жылдын 1-сентябрындагы отурумунун №11 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок шаарынын аймагында тынчтыкты сактоо жана жарандардын тынчтыгын камсыз кылуу тууралуу” Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин Социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар) боюнча туруктуу комиссиясына жана Токмок шаарынын мэрине (Эргешов А.К.) жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Т.Тынайбеков |