Редакцияот 04.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XIII КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 4-сентябры № 70/13-6

 

«Токмок шаарынын жарандарына даректүү материалдык жана социалдык жардам берүү жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө

 

Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 1-сентябрындагы №01‑07/158 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар) боюнча туруктуу комиссиясынын 2025‑жылдын 1-сентябрындагы отурумунун №11 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Токмок шаарынын жарандарына даректүү материалдык жана социалдык жардам берүү жөнүндө” Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 1-сентябрындагы №152/26-5 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин Социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар) боюнча туруктуу комиссиясына жана Токмок шаарынын мэрине (Эргешов А.К.) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

М.Т.Тынайбеков