Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-сентябры № 71/13-6
Республикалык бюджеттен бюджеттик ссуда тартууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 2-сентябрындагы кириш №01‑07/159 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 2-сентябрындагы отурумунун №18 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20‑ноябрындагы №706 “Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын мэриясына республикалык бюджеттен 15 000 000 (он беш миллион) сом суммада бюджеттик ссуда тартууга макулдук берилсин.
2. Токмок шаарынын мэриясы (Эргешов А.К.):
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды “Токмок Жол курулуш” муниципалдык ишканасынын өндүрүш процессин толук кандуу ишке киргизүүгө багыттасын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен келишим түзүү боюнча тийиштүү жол - жоболорду жүргүзсүн.
3. “Токмок Жол курулуш” муниципалдык ишканасы (Абыкаев Ш.А.) каражаттарды багыты боюнча так колдонсун.
4. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Т.Тынайбеков |