Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-сентябры № 72/13-6
Токмок шаарынын С. Ибраимов көчөсү, н.ж. (автобекет) дарегинде жайгашкан, аянты 120,1 ч.м. жер тилкесин (курулушу менен) Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 2-сентябрындагы кириш №01‑07/160 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясынын 2025‑жылдын 2-сентябрындагы отурумунун №16 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын С.Ибраимов көчөсү, н.ж. (автобекет) дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 7-10-03-0017-0460 болгон, жалпы аянты 120,1 ч.м., анын ичинде курулуш алдында 120,1 ч.м. жер тилкесин (курулушу менен), Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Т.Тынайбеков |