Редакцияот 27.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XV сессиясынын отуруму

 

2022-жылдын 27-октябры №15/4

Убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө

Депутаттардын сунушунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелерди текшерүү боюнча төмөндөгү курамда убактылуу комиссия түзүлсүн:

- Камбаров Сайдулла Мамасабирович,

- Сабиров Санжарбек Сабирович,

- Абдурахманов Хатамжан Номанджанович,

- Тапивалдиев Шерзат Турсунбаевич,

- Умаралиев Санжарбек Маматмусаевич.

 

2. Депутаттык комиссия 2022-жылдын 1-ноябрынан баштап ишке киришип, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматты 2022-жылдын 25-ноябрына чейин Өзгөн шаардык кеңешине тапшырсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасынын орунбасары И.Дадажановго тапшырылсын.

 

 

Төрага

А. Хасанов