Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2017-жылдын 8-февралы № 5/3
Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7, 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Төлөм системалары башкармалыгы бул токтомду белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жөнөтсүн.
3. Юридика башкармалыгы:
- Улуттук статистика комитетинде каттоодон өткөндөн кийин токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы, Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Улуттук банктын Башкы китебиндеги, Пакеттик клиринг системасындагы жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасындагы төлөм коддорунун маалымдамасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, коммерциялык банктарын тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы |
| Т.Абдыгулов |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-февралындагы № 5/3 токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторунун:
- "Киришүү" бөлүгүндөгү "Мамлекеттик бюджетке кирешелер боюнча төлөмдөр", "Мамлекеттик бюджеттен чыгашалар боюнча төлөмдөр", "Бюджеттик уюмдардын активдери жана милдеттенмелери менен операциялар боюнча төлөмдөр" бөлүктөрүнө код белгилөө жана классификациялоо системасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2008-жылдын 9-декабрындагы № 203-п буйругу менен бекитилген, ушул операциялардын классификациялык структурасына ылайык түзүлгөн" "2008-жылдын 9-декабрындагы № 203-п" реквизити "2016-жылдын 2-мартындагы № 32-п" реквизитине өзгөртүлсүн;
- 11520000 "Ташып келүүлөргө бажы алымдары" тобу 11525000 "Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү суммаларын которуу боюнча мүчө-мамлекеттердин милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар" жана 11526000 "Чет өлкөлүк валютада эсептерге которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү токтотулду" чакан топтору тийиштүү элементтери менен толукталып төмөнкү редакцияда берилсин:
"
Төлөмдүн коду | Төлөм багытынын аталышы |
11525000 | Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү суммаларын которуу боюнча мүчө-мамлекеттердин милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар |
11525100 | Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Казакстан Республикасынын милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар |
11525200 | Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Беларусь Республикасынын милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар |
11525300 | Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Россия Федерациясынын милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар |
11525400 | Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Армения Республикасынын милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар |
11526000 | Чет өлкөлүк валютада эсептерге которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү токтотулду |
11526100 | Казакстан Республикасынын чет өлкөлүк валютада эсептерге которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү токтотулду |
11526200 | Беларусь Республикасынын чет өлкөлүк валютада эсептерге которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү токтотулду |
11526300 | Россия Федерациясынын чет өлкөлүк валютада эсептерге которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү токтотулду |
11526400 | Армения Республикасынын чет өлкөлүк валютада эсептерге которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү токтотулду |