Редакцияот 21.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XVIII сессиясынын отуруму

 

2023-жылдын 21-февралы № 18/4

Өзгөн шаарында таза суу тарифин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына, Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын 28-декабрындагы №17/4 токтомуна ылайык «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 20-декабрындагы №7 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Өзгөн шаарында таза суу тарифин бюджеттик мекемелерге 1 м3 таза суу үчүн 37,06 сом жана коммерциялык ишканаларга 1 м3 таза суу үчүн 95 сом өлчөмүндө бекитүүгө макулдук берилсин.

 

2. Бекитилген тарифтер боюнча элге түшүндүрүү иштерин алып баруу жана мыйзамга ылайык ишке киргизүү Өзгөн-Таза-суу муниципалдык ишканасынын директору А.Дүйшеевге милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А. Хасанов