Редакцияот 22.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XIX сессиясынын отуруму

 

2023-жылдын 22-марты № 19/5

Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 1-январына карата

калган эркин калдыкты каржылоого макулдук берүү жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XIX сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” № 266 Жарлыгынын 4-пунктуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 13-мартындагы отурумунун № 3 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 1-январына калган 25771,3 миң сом эркин калдык акчаны төмөндөгү ишканаларга: Өзгөн шаардык мэриясына 1260,0 миң сом, Өзгөн шаардык кеңешине 300,0 миң сом, Жашылдандыруу чарбасына 635,0 миң сом, МММБ департаментине 3626,3 миң сом, Капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык ишканасына 300,0 миң сом, Капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык ишканасы тарабынан 2022-жылда аткарылган иштерден калган карыздарга 19650,0 миң сом каржылоого макулдук берилсин.

 

2. Өзгөн шаардык мэриясынын, шаардык кеңешинин, Жашылдандыруу чарбасынын, МММБ департаментинин, МАБ башчыларынын жана Капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акыларына кошумча ай сайын 5,0 миң сомдон компенcация төлөп берүүгө макулдук берилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

4. Бул токтом 2023-жылдын 1-январынан күчүнө кирет.

 

 

Төрага

А.Хасанов