Редакцияот 21.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 

 

2024-жылдын 21-февралы № 1

 

Бириктирилген ”Жибек Жолу” айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана орун басарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомун жетекчиликке алуу менен бириктирилген ”Жибек-Жолу” айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгына ылайык Бүлөлү, Ленин айыл аймактары бириккендигин, катышкан 28 депутаттардын 20 добушуна ээ болгондугун белгилеп, бириктирилген ”Жибек-Жолу” айылдык кенешинин төрагасы болуп Орозали уулу Таалайбек шайланды деп эсептелсин.

           

2.Бириктирилген Бүлөлү, Ленин айыл аймагынын ”Жибек-Жолу” айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары болуп Б.Төнөев орун басар болуп шайланды деп эсептелсин.

         

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Орозали уулу Таалайбек