Редакцияот 21.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 

 

2024-жылдын 21-февралы № 3

 

«Жибек Жолу” айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемеси айыл өкмөтүн түзүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып,”Жибек- Жолу” айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.”Бүлөлү”айыл өкмөтү» мекемеси жана “Ленин” айыл өкмөтү мекемеси бириктирүү жолу менен “ Жибек Жолу” айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: ” Жибек Жолу” айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси.

- Расмий тилде: Учреждение "Айыл окмот Жибек Жолунского айылного аймака"

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: ” Жибек Жолу “ айыл аймагынын айыл өкмөтү М-и.

- Расмий тилде: У-е "Айыл окмот Жибек Жолунского айылного аймака".

2.”Жибек Жолу“айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин Жобосу бекитилсин.

3.”Жибек Жолу”айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу,Алай району, Согонду айылы болуп аныкталсын.

4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

 

Төрага

 

Орозали уулу Таалайбек