Редакцияот 15.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз I отуруму

 

 

2024-жылдын 15-марты № 4

 

“Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесин жана “Жибек-Жолу айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесин юридикалык каттоодон өткөрүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү» жөнүндө ПЖ №370 Жарылыгы жана КР МК 07.02.2024-жылдагы №52-токтомун аткаруу менен “Ленин” жана “Бүлөлү” айыл өкмөттөрүн кайра уюштурууда юридикалык (укуктук) колдоо көрсөтүү, “Жибек-Жолу айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси жана “Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесин юридикалык каттоодон өткөрүү, мөөр жана штамп жасатуу, юридикалык жалпы иш кагаздарын жасап даярдоо максатында токтом кылат:

 

1. “Ленин” жана “Бүлөлү” айыл өкмөттөрүн кайра уюштурууда юридикалык (укуктук) колдоо көрсөтүү, “Жибек-Жолу айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси жана “Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесин юридикалык каттоодон өткөрүү, мөөр жана штамп жасатуу, юридикалык жалпы иш кагаздарын жасап даярдоого төлөө үчүн эсеп- дүмүрчөккө ылайык тикелей келишим түзүлсүн;

 

2. Тикелей келишим түзүү менен иш кагаздарына ылайык тиешелүү акча каражатын бөлүп берүү ФЭБ башчы Б. Мамановго милдеттендирилсин;

 

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу ФЭБ башчы Б. Мамановго, көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун-басары-жооптуу катчы К. Жумабаевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Орозали уулу Таалайбек