Редакцияот 15.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз I отуруму

 

 

2024-жылдын 15-марты № 6

 

Жибек Жолу айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш- планын бекитүү жөнүндө

 

 

Жибек Жолу айылдык Кеңешинин 2024-жылга иш-планын бекитүү боюнча Жибек Жолу айылдык кеңештин төрагасы Орозали уулу Таалайбектин 2024-жылддын 15-марттагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жибек Жолу айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Жибек Жолу айылдык Кеңешинин 2024-жылга иш-планы толуктоо өзгөртүү киргизүү менен бекитилсин (тиркеме тиркелет);

 

2. Жибек Жолу айылдык Кеңешинин 2024-жыл үчүн түзүлгөн иш-планынын аткарылышын өзүмдүн көзөмөлүмдө калтырамын.

 

 

Төрага

 

Орозали уулу Таалайбек

 

 

 

 

 

Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 15-мартындагы №6 токтому менен бекитилген

Жибек-Жолу айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн түзүлгөн иш планы

№

Аткарыла турган иш-пландардын мазмуну

Аткаруу

мөөнөтү

Ким даярдайт

Ким отчет берет

1

Айыл аймагындагы көрктөндүрүу жана жашылдандыруу, айылдардын, көчөлөрдүн тазалыгы, жазгы талаа жумуштарынын жүрүшу, айыл чарбасын өнүктүрүдө айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө жайлоого көчүп-конуу, чөп орунду жерлерин коргоо боюнча иш-аракеттер

II квартал

Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугунжана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссия

Айыл өкмөт башчысы

2

Айыл өкмөтүнүн жайыт иштери боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө

II квартал

Бюджет боюнча туруктуу комиссия

 

3

Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн алдындагы “Биримдик Сервис” муниципалдык ишканасынын жүргүзгөн иштери жөнүндө

II квартал

Бюджет боюнча туруктуу комиссия

“Биримдик  Сервис”  муниципалдык  ишканасынын  диретору

4

Жибек-Жолу айыл аймагындагы мектептердин жана балдар бакчасынын 2024-2025-жаңы окуу жылына карата даярдыктары, кезектеги оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү жөнүндө

III квартал

Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугунжана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссия

Мекеме жетекчилери

5

Ар түрдүү маселелер

III квартал

Жооптуу катчы

 

6

Айыл аймагындагы медицина мекемелериндеги медицина кызматкерлеринин калкты тейлөөдө жана Маданият кызматкерлеринин жүргүзгөн иштери жөнүндө

IV квартал

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү,жалпыга маалымдоо каражаттары,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясы

Мекеме жетекчилери

7

Ар түрдүү маселелер

IV квартал

Жооптуу катчы

 

 

 

Жооптуу катчы Э. Азизилла уулу