ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз I отуруму
2024-жылдын 15-марты № 8
Жибек-Жолу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бириккен жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “КР айыл акмактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде админстративдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындгы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан админстративдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө" жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7- февралындагы №52 “Пилоттук режимде админстативдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомунун негизинде Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ленин жана Бүлөлү айыл өкмөттөрүн бириктирүү жолу менен кайрадан Жибек-Жолу айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемеси түзүлгөндүгүнө байланыштуу жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 45350,8 миң сомго,анын ичинен тендештирүүчү трансферт 31394,0 миң сомго, өздү киреше 13956,8 миң сом (анын ичинен атайын каражаттар 1809,5 миң сом) болуп бекитилсин;
2. Жибек-Жолу айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемеси 2024-жылдын 1-январына карата 2023-жылда пайдаланылбай калган 3322,7 миң сом, анын ичинен атайын караажаттар эсебиндеги 254,2 миң сом калдык акча каражатын 2024-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин жана жогорудагы акча каражатын Жибек-Жолу айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин 2024-жылдын бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына киргизип берүү жагы Алай райондук финансы башкармалыгынан суралсын;
3. Жибек-Жолу айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин бириктирилген сметасындагы көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзам чегинде жумшоо жана пайдалануу жагы бюджетте каралган акча каражатттарын смета боюнча мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы Жибек-Жолу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Мамановго милдеттендирилсин;
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Орозали уулу Таалайбек |