ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз I отуруму
2024-жылдын 15-марты № 10
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык санын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 токтомуна ылайык Жибек жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз I отуруму күн тартибиндеги маселени угуп, жана талкуулап токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 токтомуна ылайык, айыл аймактын калкынын саны 10275 адам болгондуктан Жибек жолу айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык саны №1 тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Токтомду Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнөн каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы Азизилла уулу Эгемжарга тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. А. Тажибаевге тапшырылсын.
Төрага |
| Орозали уулу Таалайбек |
Жибек жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз I отурумунун №10 токтомуна №1 тиркеме
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн штаттык санынын чеги
№ | Кызмат орундардын аталышы | Калктын санына ылайык штаттык саны (миң адам) |
10 миңден 25 миңге чейин | ||
1 | Айыл өкмөтүнүн башчысы | 1 |
2 | Башчынын орун басары - жооптуу катчы | 1 |
3 | Бөлүм башчысы | 1 |
4 | Башкы адис | 3 |
5 | Жетектөөчү адис | 3 |
6 | Адис | 2 |
Бардыгы: | 11 | |
| ||
1 | Айылдык кеңештин жооптуу катчысы | 1 |
|
| |
1 | Контрактык негизде кабыл алынуучу адистер | 8 |
|
| |
1 | Техникалык жана кенже тейлөөчү персонал | 4 |
|
| |
Бардыгы: | 24 | |
Башчынын орун басары-жооптуу катчы К. Жумабаев