Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-июнундагы № 13
“Шайлоо участкаларынын схемалдарын жана чектерин бекитүү жөнүндө”
2011-жылдын 30-июнундагы № 68 “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13- беренесинин 4-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген “Шайлоо участкаларынын жана округдарынын схемаларын, чек араларын түзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонүн негизинде, Ак-Башат айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат :
1. Шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ак-Башат айылдык кеңеши , кезексиз сессиясынын ушул токтомун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Башат айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.З.Замировага жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
| И.С. Рыскулов |