Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-июлундагы № 15
“2025-жылдын 1-жарым жылдыгына карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы жана жергиликтүү бюджеттин биринчи жарым жылдыкта киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө”
Кыргыз Републикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергилктүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө” мыйзамынын 54-беренесинин, ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б. Азаматовдун “2025-жылдын 1-жырам жылдыгына карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы жана жергиликтүү бюджеттин биринчи жарым жылдыкта киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө” отчетун угуп, талкуулап Ак-Башат айылдык кеңеш токтом кылат :
1. 2025-жылдын 1-жырам жылдыгына карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы жана жергиликтүү бюджеттин биринчи жарым жылдыкта киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө, айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету эске алынсын.
2. 2025-жылдын 2-жарым жылдыгына кошумча сметанын бөлүштүрүлүшү тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысы, ижара акысын, салыктарды чогултуу жана өткөн жылдардагы карыздарды өндүрүү боюнча иштерин күчөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө милдети бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
| И.С. Рыскулов |