Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-июлундагы № 16
Айыл өкмөтүнүн, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин мыйзамдарга белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 “Балдар жөнүндө” Кодексинин 20-беренесинин,Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин, 2025-жылдын 18-июлундагы № 7-Ак-Башат айылдык кеңештин сессиясынын отурумунун чечимине ылайык , айылдык кеңеш токтом кылат :
1. Айыл өкмөтүнүн, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин мыйзамдарга белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү боюнча маалымат эске алынсын.
2. Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы “Ак-Башат айыл өкмөтүнүн бир жолку материалдык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө” Жобо иштелип чыгып , айылдык кеңештин сессиясында кароого жана бекитүүгө сунушталсын
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
| И.С.Рыскулов |