Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-июлундагы № 17
Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги объектилерин натыйжалуу пайдалануу механизмин иштеп чыгуу максатында, Ак-Башат айылдык кенеш кылат :
1. “Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Азаматов К.Б. бекитилген “ Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги обьектилерин пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке жана аткарууга алуу сунушталсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
| И.С. Рыскулов |