Редакцияот 24.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын 111-сессиясы

2024-жылдын 24-январы № 1

Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга бюджетини бекитүү жана 2026-2027-жылдарга бюджетинин долбоорун жактыруу жөнүндө.

 

Майдан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы “Бюджеттик Кодексинин” негизинде түзүлүп, бюджет жана экономика комитетинде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Токтосунов Каныбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү атайын каражатсыз 110218,0 миң сом өлчөмүндө № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
  1. Айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин чыгашалар бөлүгү атайын каражатсыз 110218,0 миң сом өлчөмүндө № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин;
  1. Айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдар үчүн негизги параметрлерин болжолу 2026-жылга кирешелер жана чыгашалары 115045,6 миң сом өлчөмүндө №3 тиремеге ылайык 2027-жылга киреше жана чыгашалары 121810,1 миң сом өлчөмүндө № 4-тиркемеге ылайык жактырылсын;
  2. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондко чегерүүлөр)жүргүзүлсүн;
  3. Чыгашалар корголгон беренелерине каралган каражаттар штат бирдиктери жана нормативдик документтер өзгөртүлгөндө азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн;
  4. Бюджеттик жана атайын каражаттарды казыналыкты айланып өтүү менен иштөөгө тыюу салынсын;
  5. Айыл өкмөттүн 2025-жылга бюджети 1-январь 2025-жылдан баштап ишке киргизилсин;
  6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А.Юлдашов