Редакцияот 24.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылыш III - сессиясы

 

2025-жылдын 24-январы № 6

Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Абдилатовтун 2025-жылдын 15-январындагы №01-15/45 сундуу сунуштама каты жөнүндө

 

Майдан айыл аймагынын аймагында жайгашкан төмөнкү жер участокторун муниципалдык менчике алуу маселесин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.   Төмөнкү жер участоктору муниципалдык менчике өткөрүлсүн:

·         Пылдырак айылы, Пылдырак №3 көчөсүндө жайгашкан – 0,10 га;

·         Айрыбаз айылы, Доочар участкасы – 2,40 га;

·         Көк-Талаа айылы, Живпром участогу – 2,0 га;

·         Көк-Талаа айылы, Лаган каналынын жаны – 0,50 га.

  1. Майдан айыл өкмөтүнө тиешелүү документтерди мыйзам чегинде даярдоо жана көрсөтүлгөн жер участокторун муниципалдык менчикке өткөрүү иштерин камсыз кылуу тапшырылсын.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына  жүктөлсүн.

Төрага

А.Юлдашов