МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылыш III - сессиясы
2025-жылдын 24-январы № 7
Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Абдилатовтун 2025-жылдын 15-январындагы №01-05/45 сундуу сунуштама каты жөнүндө
Майдан айыл аймагынын аймагында жайгашкан төмөнкү жер участокторун муниципалдык менчике алуу маселесин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылынын Доочар участкасынын түндүк тарабында жайгашкан №63 контурундагы көп жылдык бак дарактар (тыт) мамлекеттик фондунун жеринен 2,10га аянтына социалдык обьект куруу үчүн жерди трансформациялануусуна макулдук берилсин;
- Майдан айыл өкмөтүнө тиешелүү документтерди мыйзам чегинде даярдоо жана көрсөтүлгөн жер участокторун муниципалдык менчикке өткөрүү иштерин камсыз кылуу тапшырылсын;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |