Редакцияот 24.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылыш III - сессиясы

 

2025-жылдын 24-январы № 8

Арпа-Сай айылынын тургуну А. Хожобекованын жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө

Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Сай айылынын тургуну А. Хожобекова тарабынан Ош-Баткен автоунаа жолунун жээгинде жайгашкан 0,0795 га турак жай жер аянтынын ичинен 0,04 га жер участогун соода-сатык багытына өткөрүү боюнча берилген кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Арпа-Сай айылынын тургуну А. Хожобековага 0,0795 га турак жай жер аянтынын ичинен 0,04 га жер участогунун багытын элге кызмат көрсөтүү үчүн соода-сатык багытына өткөрүүгө макулдук берилсин;

2.    Майдан айыл өкмөтүнө тиешелүү документтерди мыйзам чегинде даярдоо жана көрсөтүлгөн жер участогунун багытын өзгөртүү иштерин камсыз кылуу тапшырылсын;

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

Төрага

А.Юлдашов