Редакцияот 24.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылыш III - сессиясы

 

2025-жылдын 24-январы № 9

Тактек участкасындагы кайрак жерди аукционго коюу жөнүндө

Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Тактек участкасындагы кайрак жерден 2,0 га аянтты аукционго коюу маселесин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Тактек участкасындагы кайрак жерден 2,0 га аянтты мыйзам чегинде аукционго коюуга макулдук берилсин;

2.    Майдан айыл өкмөтүнө тиешелүү документтерди мыйзам чегинде даярдоо жана көрсөтүлгөн жер участогун аукционго коюу иштерин камсыз кылуу тапшырылсын;

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

Төрага

А.Юлдашов