Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-июлу № 2025-П-12/38-3-(НПА)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына сооданы каржылоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жобону бекитүү жөнүндө";
- 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу";
- 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө";
- 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө";
- 2023-жылдын 19-июлундагы № 2023-П-10/43-5-(НПА) "Регулятивдик банктык отчет жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу".
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет, ал эми ушул токтомго карата тиркеменин 5-пунктунун 2 жана 3-пунктчалары ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, банк эмес финансы-кредит уюмдарын, "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин, "Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин, "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ААКты, "Кепилдик фонд" ААКты тааныштырсын.
5. "Башкарманын катчылыгы" бөлүмү токтом кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгын, Банктык көзөмөл башкармалыгын, Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгын, Юридика башкармалыгын тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу |
| М. Аттокуров |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 30-июлундагы № 2025-П-12/38-3-(НПА) токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына сооданы каржылоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жобонун:
- 12.1-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Банктар, эгерде баланстан тышкаркы милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун 30-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн шарттарга жооп берсе, берилген валютага карабастан аларды "нормалдуулар" категориясына классификациялашы мүмкүн.".
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун:
- 29-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"29. Бул Нускоодо баланстан тышкаркы милдеттенмелер үчүн кредиттик конверсия факторлорунун төмөнкү пайыздык өлчөмдөрү аныкталган:
1) кредиттик конверсия фактору - 10%:
- банк кардарга алдын ала билдирүүсүз аларды кайсыл болбосун убакта шартсыз кайтарып алуу/жокко чыгаруу укугуна ээ баланстан тышкаркы милдеттенмелер;
2) кредиттик конверсия фактору - бардык төмөнкү шарттар бир убакта аткарылганда 20%:
а) баланстан тышкаркы милдеттенменин мөөнөтү бир жылдан ашпаса;
б) баланстан тышкаркы милдеттенмелер эл аралык сооданын алкагында товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү же сатып алуу менен түздөн-түз жана ортомчусуз байланышка ээ болсо;
в) өзгөчөлүгү боюнча баланстан тышкаркы милдеттенме өзүн-өзү жоюучу болуп саналса жана анын ордун жабуу же аткаруу негизги соода бүтүмүнө тиешелүү документтерди берүү менен шартталса;
г) операция сооданы каржылоо жаатында жалпы кабыл алынган эл аралык эрежелерге жана тажрыйбага ылайык түзүлсө.
3) кредиттик конверсия фактору - 50%:
а) белгилүү бир бүтүмгө байланыштуу баланстан тышкаркы милдеттенмелер (мисалы, подрядчы курулуш долбоорунда өз милдеттенмелерин аткарбаган учурда, буйрутмачынын чыгымдарынын жана башка ушул сыяктуу милдеттенмелеринин ордун жабууну гарантиялаган аккредитив);
б) соода операцияларына байланыштуу кыска мөөнөттүү өзүнөн-өзү жоюла турган милдеттенмелер (мисалы, товарларды жүктөө менен камсыз кылынган документардык аккредитив).
4) кредиттик конверсия фактору - 100%:
а) активди берүү боюнча милдеттенмелер;
б) кредитти алмаштыруучулар (мисалы, жалпы гарантиялар, резервдик аккредитивдер, акцепттөө боюнча гарантиялар), б.а. эгерде, банктын анын атынан гарантия же аккредитив берилген кардары келишим же ушундай негиз боюнча үчүнчү тарапка аванс катары берилген каражаттарды төлөй албаса, үчүнчү тарапка каражаттарды төлөө боюнча банктын юридикалык милдеттенмелери болуп саналган документтер (аталышына карабастан);
в) кийинчерээк кайра сатып алуу менен сатуу жөнүндө макулдашуулар жана контрагенттин активдерди белгилүү бир учурларда кайтарып берүү укугунда активдерди сатуу;
г) активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер;
д) жогоруда белгиленген категорияларга кирбеген башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер.".
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобонун:
- 42-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Банктар, эгерде баланстан тышкаркы милдеттенмелер Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 токтому менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун 29-пунктунда көрсөтүлгөн, 20% өлчөмүндө кредиттик конверсия факторунун шарттарына жооп берсе, берилген валютага карабастан аларды "нормалдуулар" категориясына классификациялашы мүмкүн.".
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун:
1) 30-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"30. Бул Нускоодо баланстан тышкаркы милдеттенмелер үчүн кредиттик конверсия факторлорунун төмөнкү пайыздык өлчөмдөрү аныкталат:
1) төмөнкү шарттардын бардыгы бир эле учурда сакталган учурда төмөн тобокелдик (кредиттик конверсия фактору - 20%):
а) баланстан тышкаркы милдеттенменин мөөнөтү бир жылдан ашпаса;
б) баланстан тышкаркы милдеттенмелер эл аралык сооданын алкагында товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү же сатып алуу менен түздөн-түз жана ортомчусуз байланышка ээ болсо;
в) өзгөчөлүгү боюнча баланстан тышкаркы милдеттенме өзүн-өзү жоюучу болуп саналса жана анын ордун жабуу же аткаруу негизги соода бүтүмүнө тиешелүү документтерди берүү менен шартталса;
г) операция сооданы каржылоо жаатында жалпы кабыл алынган эл аралык эрежелерге жана тажрыйбага ылайык түзүлсө;
2) орточо тобокелдик (кредиттик конверсия фактору - 50%):
а) белгилүү бир бүтүмгө байланыштуу баланстан тышкаркы милдеттенмелер (мисалы, подрядчы курулуш долбоорунда өз милдеттенмелерин аткарбаган учурда, буйрутмачынын чыгымдарынын жана башка ушул сыяктуу милдеттенмелерин ордун жабууну гарантиялаган аккредитив);
б) соода операцияларына байланыштуу кыска мөөнөттүү өзүнөн-өзү жоюла турган милдеттенмелер (мисалы, товарларды жүктөө менен камсыз кылынган документардык аккредитив).
3) толук тобокелдик (кредиттик конверсия фактору - 100%):
а) кредиттерди берүүгө милдеттенмелер;
б) тике кредитти алмаштыруучулар (мисалы, кредиттер боюнча жалпы гарантиялар, резервдик аккредитивдер, акцепттөө боюнча гарантиялар), башкача айтканда, эгерде, банктын анын атынан гарантия же аккредитив берилген кардары контракттык макулдашуу же ушундай негиз боюнча үчүнчү тарапка аванс катары берилген каражаттарды төлөй албаса, банктын үчүнчү тарапка каражаттарды төлөп берүү боюнча юридикалык милдеттенмелери болуп саналган документтер (аталышына карабастан);
в) кийинчерээк кайра сатып алуу менен сатуу жөнүндө макулдашуулар жана контрагенттин активдерди белгилүү учурларда кайтарып берүү укугунда активдерди сатуу;
г) активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер;
д) жогоруда белгиленген категорияларга кирбеген бардык башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер.".
- Нускоого карата тиркеме төмөнкү редакцияда баяндалсын: