МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылыш III - сессиясы
2025-жылдын 24-январы № 13
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Сай айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Сай айылынын тургундарынын кайрылуусун эске алып. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Арпа-Сай айылынын ички көчөлөрүн асфальттоо иштеринин алкагында, тактап айтканда, Садовая №3 көчөсүнө 500 (беш жүз) метр асфальт төшөө үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
- Өздүк салым үчүн каражат бөлүү жана тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Токтосунов Каныбекке милдеттендирилсин;
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Юлдашов |