МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылыш III - сессиясы
2025-жылдын 24-январы № 15
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Маяк айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Маяк айылынын тургундарынын кайрылуусун эске алып. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Маяк айылындагы ички көчөсүнө 500 метр асфальтөө төшөө үчүн айыл өкмөтүн бюджетинен 500 000 (беш жүз миң) сом бөлүнсүн;
- Өздүк салым үчүн каражат бөлүү жана тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Токтосунов Каныбекке милдеттендирилсин;
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Юлдашов |