Редакцияот 24.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылыш III - сессиясы

 

2025-жылдын 24-январы № 16

Орозбай уулу Өмүрбектин кайрылуусу жөнүндө

Майдан айыл аймагына караштуу Айрыбаз айылынын тургуну Орозай уулу Өмүрбектин кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылынан балык чарба куруу үчүн 0,65 га жер аянтын келишимдик негизде убактылуу пайдаланууга берүү маселеси каралып, Майдан айыл аймагынын  айылдык кеңеши

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Орозай уулу Өмүрбекке Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылынан 0,65 га жер аянтын балык чарба куруу үчүн келишимдик негизде пайдаланууга макулдук берилсин;
  2. Майдан айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык зарыл документтерди даярдоо жана тиешелүү келишимдерди түзүү тапшырылсын.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Юлдашов