МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылыш III - сессиясы
2025-жылдын 24-январы № 20
Майдан айыл аймагына караштуу Майдан айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтомун аткаруу жана Майдан айыл аймагынын Майдан айылынын тургундарынын кайрылуусун карап чыгып, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Майдан айылындагы азыркы учурда аты жок көчөгө "Молдо Бегали" ысымы ыйгарылсын;
- Айыл тургундарынын толук тизмеси түзүлүп, тиешелүү документтер менен бирге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын (Госреестр) тиешелүү бөлүмүнө жөнөтүлсүн;
- Жаңы көчөнүн чектерин тактоо, картографиялык жана юридикалык документтерди мыйзам талаптарына ылайык тартипке келтирүү иши Майдан айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;
- Бул токтомдун негизинде тиешелүү мамлекеттик органдарга билдирүү жөнөтүлүп, көчө аталышы расмий документтерге киргизилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Абдилатовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Юлдашов |