ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз II отуруму
2024-жылдын 17-апрели № 12
Кошулуш айылындагы №38 Ж. Исаева атындагы орто мектептин директору А. Мусаковдун жазган билдирүүсү жөнүндө
Кошулуш айылындагы №38 Ж. Исаева атындагы орто мектептин директору А. Мусаковдун жазган билдирүүсү боюнча мектептин короосундагы кашасынын эскилиги жетип колдонууга жараксыз абалга келгендиктен жазган билдирүүсүн карап жана талкуулап, Жибек-Жолу айылдык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1. Кошулуш айылындагы №38 Ж. Исаева атындагы орто мектептин директору А. Мусаковдун мектептин короосундагы кашасынын эскилиги жетип колдонууга жараксыз абалга келгендиги боюнча жазган билдирүүсү белгиленсин;
2. Кошулуш айылындагы №38 Ж. Исаева атындагы орто мектептин короосундагы кашасынын эскилиги жетип колдонууга жараксыз абалга келгендиктен алып салууга уруксат берилсин;
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. А. Тажибаевге тапшырылсын.
Төрага |
| Орозали уулу Таалайбек |