Загрузка документа…
| Долбоор |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 777-т тескемеси менен жактырылды) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен
Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана
алмашуу жөнүндө макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Түркия Республикасынын Өкмөтү мындан ары Тараптар деп аталып, эки мамлекеттин аймагындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, Тараптардын компетенттүү органдары тарабынан берилген улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Тараптар анын аймагында жашап турууга уруксаты бар адамдар үчүн экинчи Тараптын компетенттүү органдары тарабынан берилген жарактуу жана мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара тааныйт.
Тараптардын биринин компетенттүү органы тарабынан берилген жарактуу жана мөөнөтсүз улуттук айдоочулук күбөлүгү бар адамдар экинчи Тараптын аймагында жашап турууга уруксат алган учурда, жашап баштаган датага карабастан экинчи Тараптын компетенттүү органына өзүнүн улуттук айдоочулук күбөлүгүн экинчи Тарап берген айдоочулук күбөлүккө алмаштыруу жөнүндө арыз менен кайрыла алат.
Ушул Макулдашуу Тараптардын колдонуудагы улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
2-берене
Ушул Макулдашуунун беренелериндеги “жашап турууга уруксат” түшүнүгүн чечмелөөдө Тараптардын ар биринин мыйзамдарынын колдонуудагы ченемдери пайдаланылат.
3-берене
Тараптар өздөрүнүн тиешелүү улуттук мыйзамдарына ылайык арыз ээсинин транспорт каражатын башкаруу жөндөмдүүлүгүн текшерүү үчүн кандайдыр бир практикалык жана/же теориялык экзамендерди өткөрбөстөн, 1-берененин экинчи абзацына ылайык анын улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштырат.
Ушул берененин биринчи абзацы айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн кайрылган адамдардын жашынын, ден соолугунун абалынын же психикалык абалынын негизинде белгиленүүчү транспорт каражатын башкаруу укугуна чектөөлөр бөлүгүндө Тараптардын ар биринин улуттук мыйзамдарын козгобойт.
4-берене
Тараптын алмаштырууну жүргүзгөн компетенттүү органы арыз ээсинен экинчи Тараптын компетенттүү органы тарабынан берилген айдоочулук күбөлүктү анын улуттук же расмий тилде күбөлөндүрүлгөн котормосун тиркөө менен берүүнү талап кыла алат.
5-берене
Тараптын алмаштырууну жүргүзгөн компетенттүү органы арыз ээсинен анын улуттук мыйзамдарына ылайык алмашуу үчүн зарыл болгон документтерди берүүнү же жыйымдарды төлөөнү талап кыла алат.
Тараптар айдоочулук күбөлүктү алмаштырууну суранган адамдын ден соолугунун абалы боюнча зарыл болгон талаптарга шайкештигин ырастаган медициналык маалымкатты талап кыла алат.
Алмаштыруу суралган айдоочулук күбөлүккө алмаштыруу датасына карата колдонулган Тараптардын улуттук мыйзамдарынын жоболоруна ылайык чектөөлөр алмаштыруу датасынан тартып колдонулат.
6-берене
Тараптардын биринин компетенттүү органы экинчи Тараптын айдоочуларын каттоо үчүн өзүнүн улуттук мыйзамдарын колдоно алат.
7-берене
Тараптар айдоочулук күбөлүктүн жарактуулугу, аныктыгы же анда камтылган башка маалыматтар боюнча шектенүүлөр пайда болгон учурларда аны ишке ашыруу максаттары үчүн экинчи Тараптын компетенттүү органынан ушул Макулдашуунун 9-беренесинде көрсөтүлгөн компетенттүү орган аркылуу расмий электрондук почта боюнча айдоочулук күбөлүктүн аныктыгын ырастоону сурашы мүмкүн. Эгерде берилген маалымат тиешелүү айдоочулук күбөлүктүн жараксыздыгын ырастаса, Тараптар айдоочулук күбөлүктү алмаштыруудан баш тартышы мүмкүн.
Суроо-талапты жиберүүдө же жооп берүүдө Тараптардын компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун 4-тиркемесинде камтылган “Маалымат алмашуу” формасын колдонот.
Алмаштыргандан кийин жаңы айдоочулук күбөлүктү берген компетенттүү орган мурдагы күбөлүктүн аныктыгына, жарактуулугуна же башка маалыматтарына байланышкан бузууларды аныктаган учурда бул жөнүндө экинчи Тараптын компетенттүү органына кабарлайт. Аталган кабарлама дипломатиялык каналдар аркылуу жиберилет.
Тараптардын биринин компетенттүү органдары тарабынан алмаштырылган айдоочулук күбөлүктөр ээсинен алынгандан кийин айдоочулук күбөлүктү берген мамлекеттин дипломатиялык өкүлүнө кайтарып берилет.
8-берене
Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштырууда Тараптардын мыйзамдарында көрсөтүлгөн айдоочулук күбөлүктөрдүн категорияларынын эквиваленттүүлүгү ушул Макулдашууга тиркелген эквиваленттүүлүк таблицаларына ылайык аныкталат.
Бул таблицалар ушул Макулдашуунун техникалык тиркемелерин түзөт жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
9-берене
Тараптар ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине төмөнкү маалыматты берет:
– компетенттүү органдардын толук аталышын, даректерин, телефондорунун, факстарынын номерлерин жана электрондук даректерин;
– ушул Макулдашуунун 1-А жана 2-тиркемелеринде көрсөтүлгөн жарактуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрдүн үлгүлөрүн.
Тараптар алардын компетенттүү органдарындагы, айдоочулук күбөлүктөрүндөгү же улуттук мыйзамдарындагы ушул Макулдашууну колдонууга таасир этиши мүмкүн болгон ар кандай өзгөрүүлөр жөнүндө экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу токтоосуз маалымдайт.
10-берене
Ушул Макулдашуу алар катышуучусу болуп саналган башка эл аралык макулдашуулардан келип чыгуучу Тараптардын укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
11-берене
Ушул Макулдашуу үчүнчү өлкөдө берилген жана Тараптардын биринде алмаштырылган айдоочулук күбөлүктөргө карата колдонулбайт.
12-берене
Ушул Макулдашууну колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу келип чыккан талаш-тартыштар Тараптардын ортосундагы дипломатиялык консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
13-берене
Ушул Макулдашуу жазуу жүзүндөгү акыркы кабарламаны алган датадан тартып алтымыш (60) күндөн кийин күчүнө кирет, кабарлама аркылуу Тараптар ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички жол-жоболорду аяктагандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине кабарлайт.
Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү, ошол эле учурда Тараптардын бири экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө кабарлама жиберүү менен аны колдонууну токтото алат. Токтотуу мындай кабарламаны алган датадан тартып отуз (30) күндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча дипломатиялык каражаттар аркылуу өзгөрүшү мүмкүн. Мындай өзгөрүүлөр өзүнчө протоколдор түрүндө таризделет, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ушул берененин биринчи абзацында каралган тартипке ылайык күчүнө кирет.
___________ шаарында _____-жылдын “___”___________ кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө шайкеш келбеген учурларда англис тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн
__________________________ | Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн
__________________________ |
| 1-А тиркемеси |
Түркия Республикасында 01.01.2016 кийин берилген айдоочулук
күбөлүктөр жана 014 тибиндеги күбөлүктүн ээсине башкарууга
уруксат берилген транспорт каражаттарынын түрлөрү
M категориясы эки, үч жана төрт дөңгөлөктүү мотоциклдерди (мопеддерди) башкаргандарга берилет |
A1 категориясы цилиндринин көлөмү 125 куб. см ашпаган же кубаттуулугу 11 кВт ашпаган, кубаттуулуктун жана салмактын катышы 0,1 кВт/кг ашпаган, коляскасы бар же жок мотоциклдерди, ошондой эле кубаттуулугу 15 кВт ашпаган моторлуу трициклдерди башкаргандарга берилет |
A2 категориясы кубаттуулугу 35 кВт ашпаган, кубаттуулуктун жана салмактын катышы 0,2 кВт/кг ашпаган, коляскасы бар же жок мотоциклдерди, ошондой эле кубаттуулугу 15 кВт ашпаган моторлуу трициклдерди башкаргандарга берилет |
A категориясы коляскасы бар же жок мотоциклдерди, ошондой эле кубаттуулугу 15 кВт ашкан моторлуу трициклдерди башкаргандарга берилет |
B1 категориясы кыймылдаткычынын максималдуу таза кубаттуулугу 15 кВт ашпаган, ал эми жүктөмү жок салмагы 400 кг (жүктөрдү ташуу үчүн арналган транспорт каражаттары үчүн 550 кг) ашпаган моторлуу квадроциклдерди башкаргандарга берилет. Электрдик транспорт каражаттарынын таза салмагын эсептөөдө аккумуляторлордун салмагы эске алынбайт |
B категориясы жеңил автомобилдерди жана пикаптарды башкаргандарга берилет. Типтүү жактыруунун тиешелүү эрежелери үчүн зыян келтирбестен айдоочулук күбөлүктүн ээлери Улуттук билим берүү министрлигинин 29/05/2013-ж. № 28661 расмий журналында жарыяланган жеңил автомобилдердин айдоочуларын окутуу эрежелеринде көрсөтүлгөн окууну аяктаган же көндүмү жана жүрүм-туруму боюнча тестти тапшырган шартта, уруксат берилген максималдуу салмагы 4 250 кг ашпаган транспорт каражаттарын айкалыштыруу менен башкара алат |
BE категориясы чиркегичтин же жарым чиркегичтин уруксат берилген максималдуу салмагы 3 500 кг ашпаган В категориясындагы тракторду жана чиркегичти же жарым чиркегичти камтыган транспорт каражаттарынын курамын башкаргандарга берилет |
C категориясы жүк ташуучу автону жана сүйрөгүчтү башкаргандарга берилет |
CE категориясы С категориясындагы жүк ташуучу автонун жана анын чиркегичинин же жарым чиркегичинин уруксат берилген максималдуу салмагы 750 кг ашкан транспорт каражаттарынын курамын башкаргандарга берилет |
C1 категориясы уруксат берилген максималдуу салмагы 3 500 кг ашкан, бирок 7 500 кг ашпаган жүк ташуучу автону жана сүйрөгүчтү башкаргандарга берилет |
C1E категориясы айкалыштыруунун уруксат берилген максималдуу салмагы 12 000 кг ашпаган шартта С1 категориясындагы жүк ташуучу авто, ал эми анын чиркегичинин же жарым чиркегичинин уруксат берилген максималдуу салмагы 750 кг ашкан; ошондой эле айкалыштыруунун уруксат берилген максималдуу салмагы 12 000 кг ашпаган шартта В категориясындагы трактор жана анын чиркегичинин же жарым чиркегичинин уруксат берилген максималдуу салмагы 3 500 кг ашкан транспорт каражаттарынын курамын башкаргандарга берилет |
D1 категориясы микроавтобусту башкаргандарга берилет |
D1E категориясы D1 категориясындагы микроавтобус жана анын чиркегичинин уруксат берилген максималдуу салмагы 750 кг ашкан транспорт каражаттарынын курамын башкаргандарга берилет |
D категориясы микроавтобусту жана автобусту башкаргандарга берилет |
DE категориясы D категориясындагы микроавтобус жана анын чиркегичинин уруксат берилген максималдуу салмагы 750 кг ашкан транспорт каражаттарынын курамын башкаргандарга берилет |
F категориясы резина шинасы менен тракторду башкаргандарга берилет |
G категориясы курулуш техникасын башкаргандарга берилет |