Редакцияот 24.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылыш III - сессиясы

 

2025-жылдын 24-январы № 21

Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Бак айылындагы мөмө жемиш сактоочу муздаткычтын курулушу жөнүндө

Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Бак айылына курулуп жаткан мөмө жемиш сактоочу муздаткычтын курулушуна айыл өкмөттүн өздүк салымын кошуу үчүн "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бак айылындагы мөмө жемиш сактоочу муздаткычтын курулушуна  айыл өкмөтүн бюджетинен 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
  2. Өздүк салым үчүн каражат бөлүү жана тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Токтосунов             Каныбекке милдеттендирилсин;
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А.Юлдашов