МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылыш III - сессиясы
2025-жылдын 24-январы № 22
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылына курулуп жаткан мал базардын курулушу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылына курулуп жаткан мал базардын курулушуна айыл өкмөттүн өздүк салымын кошуу үчүн "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Достук айылындагы мал базардын курулушуна айыл өкмөтүн бюджетинен өздүк салым катары 150 000 миң сом акча каражаты ажыратылсын.
- Өздүк салым үчүн каражат бөлүү жана тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Токтосунов Каныбекке милдеттендирилсин;
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Юлдашов |