Редакцияот 07.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылыш IV - сессиясы

 

2025-жылдын 7-марты № 25

  

“Ай-Саан ККД” ЖЧКсына 0,30 га жер берүү жөнүндө

"Ай-Саан ККД" ЖЧКсынын Майдан айыл аймагына тиешелүү жайыт жерден, 367-контурдагы таштуу жайыт аянтынан Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинин 4-пунктуна ылайык, жеңил типтеги лагерь орнотуу үчүн 0,30 га жер участогун убактылуу ижарага берүү тууралуу кайрылуусун карап чыгып, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    "Ай-Саан ККД" ЖЧКсына Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинин 4-пунктуна ылайык, 0,30 га жер аянтын келишимдин негизинде жеңил типтеги лагерь орнотуу үчүн убактылуу ижарага берүүгө макулдук берилсин;

2.    Келишимде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тиешелүү төлөмдөр жана ижара акысы көрсөтүлсүн. Ошондой эле, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши тарабынан коюлган протоколдук талаптар камтылсын. 2024-жылдын 5-апрелиндеги протоколдук тапшырмада Теңизбай жайлоосуна барган 10 км жол "Ай-Саан ККД" ЖЧКсы тарабынан  тазалансын эгерде 10 км жол тазаланбаса бул токтом бир жыл ичинде күчүн жоготту деп эсептелсин;

3.    Бул токтом Майдан айылдык Кеңешинин расмий сайтына жарыяланып, мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тоокен жана экология маселелери боюнча комиссияга жүктөлсүн.

Төрага

А.Юлдашов