Редакцияот 07.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылыш IV - сессиясы

 

2025-жылдын 7-марты № 27

  

"Майдан кызмат көрсөтүү" муниципалдык ишканасынын балансында турган суу чыгаруучу буровой техниканын тарифин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 18-беренесине, "Муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамынын 5-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи жөнүндө" жобосуна ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  "Майдан кызмат көрсөтүү" муниципалдык ишканасынын балансында турган суу чыгаруучу буровой техникасынын кызматынын тарифи төмөнкүдөй бекитилсин:

·         Майдан айыл аймагынын жашоочулары үчүн – суу чыгарып, казуу үчүн 1 метрге 3 500 (үч миң беш жүз) сомдон бекитилсин ;

·         Башка айыл аймактарынын жарандары үчүн – суу чыгарып, казуу үчүн 1 метрге  5 000 (беш миң) сомдон бекитилсин.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо "Майдан кызмат көрсөтүү" муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы                Э. Абдилатовго милдеттендирилсин

Төрага

А.Юлдашов