Редакцияот 07.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылыш IV - сессиясы

 

2025-жылдын 7-марты № 28

  

Майдан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2025-жылга бюджети, иш планы жана жайыт акысын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндө" мыйзамынын 9, 11, 14-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жайыттарды башкаруу жана пайдалануу тартиби тууралуу жобосуна ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Майдан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2025-жылга бюджети бекитилсин.

2.    Майдан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2025-жылга иш планы бекитилсин.

3.    Майдан айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы жана мүчөлөрү бекитилсин.

4.    Жайыт акысын  6-айга төмөнкүдөй өлчөмдө бекитүү:

a.    Майда мал (кой) – 30 (отуз) сом, козу – 15 (он беш) сом;

b.    Бодо мал – 150 (жүз элүү) сом;

c.    Жылкы – 300 (үч жүз) сом;

d.    Топоз – 200 (эки жүз) сом;

e.    Башка айыл аймактарынан келген малдарга – жогорудагы тарифтердин эки эселүү өлчөмүндө колдонулсун;

f.     Жайытты башка максатта пайдалануу үчүн0,01 га жерге – 30 (отуз) сомдон акы алынсын.

5.    Майдан айыл аймагынын  аймагынан башка айылдврдын жайытына  өткөн малдар үчүн жолго  (жайыттан убактылуу пайдаланган) ар бир мал башына – 5 (беш) сомдон төлөм алынсын.

6.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Юлдашов