Редакцияот 07.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылыш IV - сессиясы

 

2025-жылдын 7-марты № 29

  Майдан айыл аймагынын аймагында суугат суу маселесин жөнгө салуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 18-беренесине, "Суу кодексинин" 81- жана 82-беренелерине, ошондой эле айыл чарба тармагында сугат сууну сарамжалдуу пайдалануу максатында, жазгы талаа иштери башталгандыгына байланыштуу Майдан айыл аймагынын  айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Майдан айыл аймагында жазгы талаа жумуштары башталгандыгына байланыштуу сугат суу маселесин көзөмөлдөө максатында айылдык Кеңештен жана айыл өкмөтүнөн төмөнкү комиссия курамы түзүлсүн;

a.    Комиссиянын төрагасы: Эрматов Байсал

b.    Мүчөлөрү:

                                          i.    Шерматов Мухамбетумар

                                        ii.    Заиров Азамат

                                       iii.    Анипаев Бурган

                                       iv.    Тагаев Бейшен

                                        v.    Нурали уулу Кудайберди

                                       vi.    Шамшиев Жусуп

2.    Комиссиянын негизги милдеттери:

a.    Сугат сууну айыл чарба жерлерине адилеттүү жана натыйжалуу бөлүштүрүү;

b.    Аймактагы сугат каналдарынын абалын көзөмөлдөө жана тиешелүү органдарга сунуштарды берүү;

c.    Сууну сарамжалдуу пайдалануу боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

3.    Комиссиянын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Төрага

А.Юлдашов