Редакцияот 07.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылыш IV - сессиясы

 

2025-жылдын 7-марты № 30

  

  

Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Алтын, Бак айылдарынын тургундары Д.Айтматованын үстүнөн жазган арызы жөнүндө

Майдан айыл аймагында болуп жаткан жер маселелерин чечүү максатында, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Сары-Алтын, Бак айылдарынын тургундары Д.Айтматованын үстүнөн  жазган арызы боюнча адвокат алынсын жана адвокаттын кызмат акысын Майдан айыл өкмөтү тарабынан төлөнөнсүн. Адвокатка ишеним кат берилсин.

2.    Д.Айтматованын жер участогуна болгон жеке менчик укугу жокко чыгарылсын.

3.    Адвокат тарабынан аталган маселе толук чечилмейинче аталган жерлер арестке коюлуусу үчүн соттон суралсын.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу комиссиясына жүктөлсүн..

Төрага

А.Юлдашов