Редакцияот 07.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылыш IV - сессиясы

 

2025-жылдын 7-марты № 33

  Кара-Дөбө айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө

Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө айылынын тургундарынын кайрылуусун карап чыгып, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кара-Дөбө айылындагы жалпы аянты 1800 чарчы метр болгон жер тилкесин муниципалдык менчикке алынсын;

2.    Майдан айыл өкмөтүнө тиешелүү документтерди мыйзам чегинде даярдоо жана көрсөтүлгөн жер участогунун багытын өзгөртүү иштерин камсыз кылуу тапшырылсын;

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

Төрага

А.Юлдашов